бөлүм

китептерде 12 жолу, 5 китепте
  1. Көп бөлүктөн турган имараттын, үйдүн, курулуштун ж.б. ички бөлүнгөн бөлүктөрү.
  2. Чыгарманын, китептин ж.б. негизги ири бөлүктөрү.
  3. Борбордук мекемеге, ишканага же борбордоштурулган уюмга баш ийүүчү анын айрым тармагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…н тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / Кыргызда айдап көчүрүп, / Ала-Тоого өткөрүп, / Жерин тартып алганда, / Кара сакал Жанай деп, / Бир бөлүмдүн ханы экен, / Ары качып чыгышка, / Деңиздин бойун мааналап, / Туруп калган чагы экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Шоорук деген хан, — деди, / Хан Каракөз өтүптүр, / Илгерки өткөн убакта, / Азыркы Шоорук ханыбыз, / Хан Каракөз калдыгы, / Ээ боло албай элине, / Бир бөлүмгө арзыбай, / Мунун ичинде бардай ардыгы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күмбөздүн ичин караса, / Канча бөлмө бөлүнгөн, / Ар бөлүмгө ар башка, / Арбын дүйнө төгүлгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Калганын калмак талады, / Өзүнө кылып каранды, / Ороздунун он уулун, / Он бөлүм кылып санады, / Касиет, Калка ал экөө: / “Камыналы эми, — деп, / Капташпайлы желге, — деп, / Агып кетип калбайлы, / Агып келген селге” – деп, / Отуз миң үйлүү эл менен, / Калмакка барып эл болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Таласка барат экен, деп, / Жашырган жок чебердеп, / Улуу инген, кичүү инген, / Кара кырым каңгайга, / Бүткүл моңгул бар жайга, / Алда канча андайга, / Алты бөлүм калдайга, / Айтып элге даң кылды, / Түнүндөсү уктатпай, / Түн төшөккө зар кылды, / Кыргызга барам дегели, / Калганга күндү тар кылды, / Кежирлик кылган кишини,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →