бөлүк
- Бүтүндүн өз ара бөлүнгөн айрым бөлүндүсү.
- Машинанын ж. б. айрым тетиктери же айрым тетиктерден турган жабдуулары.
- Айрым аскер топтору, өзүнчө бир бирдикти түзгөн аскер күчтөрү.
- Чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым үзүндүсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Барбагын деп жатканда, / Изчиден келди бир бала, / Эл аралап, келдим, дейт, / Элдин сырын билдим, дейт, / Беш бөлүнүп аскери, / Бүгүн түнү болжолу, / Кирмек экен Таласка, / Бир бөлүгү катылмак, / Арбагы бийик Манаска.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бир бөлүгү биздин эл, / Кас тилеги Кашкарда, / Жоодарды кармап сойолу, / Жоготуп аны койолу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Темири сынган эл көрдү, / Учуп жүрөт зыркырап, / Найзанын нечен бөлүгү, / Ободой барат чыркырап, / — Кезегиңди бергин, — деп, / Келбеттүү көк жал жөнөдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үчкө бөлсө дүйнө элин, / Бир бөлүгү ушул эл.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бөлүктөн ашып калган төөнүн бөйрөгүн Түкөң тымызын култ эттирип алды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →