бөл

китептерде 808 жолу, 10 китепте
  1. Бөлүккө ажыратуу, бөлүк-бөлүк кылуу.
  2. Айрым топторго ажыратуу, топ-топ кылуу.
  3. Тийиштүү энчисин берүү, үлөштүрүү Көргүм келет, көргүм келет айлымды, Көргүм келет эмгек бөлгөн айларын (Осмонов).
  4. Өзүнчө үй-бүлө катарында ажыратып чыгаруу.
  5. Бытыратуу, бытыранды кылуу, чачылтуу.
  6. Айыруу, окчундатуу, бирге койбоо.
  7. Ажырым кылуу, биримдүүлүктү бузуу, бузукулук салуу.
  8. Айыра таануу, бири-биринен болгон айырмасын ажырата билүү.
  9. Айрым ажыратып алуу.
  10. Бири-биринен айырмалап иргөө, айрым составдарга ажыратуу.
  11. Электр шамын жагууга Суудан бөлүп от алдык (Нуркамал).
  12. Үзүү, тоскоолдук кылуу, уланышына жолтоо болуу.
  13. Топтоо, кандайдыр бир нерсеге топтоштуруу, айрыкча буруу, багыттоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыш-кыштооңор аралаш, / Жай-жайлооңор чамалаш, / Жайы-кышы бөлүнбөй, / Жүрөсүңөр чамалаш, / Кымыз ичип козу жеп, / Санаасы жакын кадырнас, / Ирегең бирге эл элең, / Илгеркидей болсоңор, / Бекбача мында не келем, / Кырдуусуп Таңгыт кетпесең, / Кемсинип кыргыз калбаса, / Ким келет сенин айлыңа? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кырк миң торчу анда бар, / Колунда кыйма чынжыр бар, / Аларга мыктап жарлыгын, / Берип жүрөт Чынаача: / — Он миңден төрткө бөлүнүп, / Төрт баатырга барыңар, / Бирден тилди алыңар, / Келтирип туруп кыйамын, / Керилтип торду салыңар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Камбыл баатыр Карадөө, / Токой деген баланы, / Жолдош кылып алганы, / Бөлүнүп элден калганы, / Кайыпчынын кырынан, / Дүрбү салып карады, / Туш-тушка көзүн салганы, / Көрүндү көзгө өндүрдөн, / Бир топ жандын карааны. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Шаарга киргенде бөлүнүп кеткенбиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала кылычты туурасынан кармай берип, ал оп тартуунун күчүнөн тең бөлүнүп калат, өзү эси ооп жыгылат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →