бөк1

китептерде 5 жолу, 3 китепте бөк 3 →
  1. Дөңчө, жондонуп кеткен дөңсөөчө.
  2. Чүкөнүн көмкөрөсүнөн жаткандагы абалы, бөк.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жайдары тууган каракөк, / Анча мынча немеден, / Кенебеген өзү бөк, / Атасы баатыр Сейитим, / Хан Калчадан олжого, / Алып келген нар кескен, / Зулпукардан кем эмес, / Жыгачка чапса таш кескен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кабарын угуп камынып, / Ач бөрүдөй жаланып, / Аскер жыйнап саналып, / Аттанмак болуп камданып, / Каңгайдын бөктүр жеринен, / Кош ат менен чаптырып, / Кароол карап жол чардап, / Карап жүргөн белинен, / Кырмуз шаанын Мурадил, / Аны кошо алдырып, / Каткалаңдын Сайкалга, / Инг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Камгасын кайра бөктөшүп, / Качырга кошун жүктөшүп, / “Кабылан Манас баатырдан, / Кутулдубу шүк”- дешип, / Анталашып аттанып, / Күн түнү жок жол тартып, / Хандарга жете келишти, / Сала… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Атын уксаң мамындай: / Караногой Мажиги, / Камбардын уулу Чалиги; / Кайгуул, Бөкүл, Торолчу, / Кабарга кыйын болуучу; / Шыңгынын уулу Кербени, / Шыптуу кашка дүрбөөнү; / Саргыл аттуу Затайы, / Ал жандардын Атайы; / Үйшүндөрдүн Үмөтү, / Үмөтаалы Жайсаңы; / Бообек, Шаабек, Шүкүрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Телкүрөң менен өзүмдү, / Олжого талап алмакчы, / Дайардап сага бир эрди, / Көңүлүңө бөккөндү? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →