бөктөр2

китептерде 14 жолу, 7 китепте бөктөр 1 →
  1. Бөктөрүнчөктү ээрдин артына беките таңуу, эки жагын канжыга менен байлоо.
  2. Чапанымды күндүз канжыгама бөктөрүп коюп, жамгыр жаап киргенде, кийип алчу болдум («Ала-Тоо»).
  3. өт. Бүктөп алуу, бүктөй кармап алып түшүү, илип кетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лар өтпөс көл менен, / Куу тайган баскыс чөл менен, / Түрүлүп аккан сел менен, / Түмпүйгөн токой чер менен, / Артуу-артуу бел менен, / Адам жүргүс жол менен, / Бөктөр-бөктөр бел менен, / Мөмө жыгач жер менен, / Бөксөдө улуу жол менен, / Мөлтүрөп аккан суу менен, / Мөндүрдөй аппак кум менен, / Бөлүнүп жүрүп олтурду, / Күн эсебин чун… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Тапа- так найза беш кулач, / Аргамжыдай өргөн чач, / Бөктөргөн иттей кашы бар, / Жолум үйдөй башы бар, / Көзү казган ородой, / Жатып копкон жерин көр, / Элүү кой жатчуу короодой, / Кашы менен кирпиги, / Карагайдын чериндей… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кылычтай өткүр жолборсуң / Алмамбет экен жолдошуң; / Бөктөр-бөктөр белиңиз, / Мөмөлүү куттуу жериңиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Боз бөктөрдө жолукту, / Көзүнүн жашын көл кылып, / Дартын айтып соолукту, / Угуп пейлим бузулду, / Мындай кара зордукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Ошондуктан бирин-сериндеп кап бөктөрүнүп алып, орус поселкаларына чубап калган. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →