бөксөр

китептерде 7 жолу, 4 китепте
  1. Бөксө болуу, азаюу, толуп турганынан тартылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Оозго салгын, Кененим, / Кырк күн тамак ичпейсиң, / Кардың ачпайт бөксөрүп, / Күйүкпөйсүң жөтөлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Хандар кетпей калыптыр, / Карындарын бөксөртүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Бирмыскалдын бачымдап, / Күчөп калды толгоосу, / Тоо бөксөрүп күн түшө, / Бирмыскалды Каныкей, / Аман-эсен төрөттү, / Жерге жарык бүт түшө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүгүлүп белиң бөкчөйүп, / Бир чеңгел болуп чөкчөйүп, / Кайратың качып бөксөрүп, / Калдыңбы, ата, кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Мен кайтарчу музоолор күндөгүдөн анча бөксөрбөптүр. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →