бөксө

китептерде 73 жолу, 9 китепте
  1. Жапызыраак тоо, жалпагыраак келген тоолордун үстү, бийик тоолордун төмөнүрөөк жагы.
  2. Толтура эмес, толук эмес.
  3. Бир нерсенин каптал жагы, капшыты, этегирээк жагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ “Өзөнү кең, жери түз, / Өчүгүшкөн доңузга - / Кол салышсам ушуга, / Өйүз-бүйүз бөксөдө, / Эркин жаткан элдерге, / Эмгеги катуу болот го, / Баш-аламан барсылдак, / Алай-дүлөй тарсылдак, / Кагышып жарак карсылдап, / Кандай заман болот, деп, / Калың… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ “Ат оттосо жай алган, / Аркардын оту бөксөнүн, / Ат чалдырып чөптөрү, / Аркасын эч бир көрбөдүм, / Айдаркан уулу Көкчөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоо бөксөлөр кайран эр, / Айбат кылып жаа тартып, / Милте чоктоп ок атып, / Бир бул жерден көрүнүп, / Бир ал жерден көрүнүп, / Амал менен урушуп, / Жүрүптүр байкуш жулушуп, / Семетейди Карадөө, / Мурун көрүп Сартбайдан, / Арманым жок өлсөм, деп, / Ат койуп жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ал аңгыча болбоду, / Асмандан мунар буу чыкты, / Үч-Кошойдун бөксөдөн, / Көк жаңырган чуу чыкты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
…арык, Арал, Азыкка, / Ак калпак кыргыз эл жердейт, / Ошолордун баарына, / Наманген, Ташкен, Самаркан, / Алты шаар, Анжыдан, / Кетментөбө, кең Жумгал, / Үстүнкү бөксө Алайдан, / Калбай келсин баары адам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →