бөйөң
- Кургакта жашоочу, жөргөмүш сыяктуу зыяндуу, уулуу майда жандык.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
кесип жөнөйүм, / Келе албасам баш кесип, / Кайра келбей өлөйүн, / Каары катуу эр дедиң, / Карсылдашып көрөйүн, / Бала баатыр дедиңер, / Барсылдашып көрөйүн, / Бөйөн менен чайандай, / Заарымды төгөйүн, / Өлтүрбөй кармап алайын, / Куйкасын тилип туз куйуп, / Таманына шиш кагып, / Таласка айдап барайын, / Көрсөтүп туруп көзүн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жабырды Торгой тартыптыр, / Көзүн ачып караса, / Кыйар менен, Чигитей – / Эр беттешип жатыптыр, / Бирөө каман, бирөө шер, / Тең беттешип жатыптыр, / Бири бөйөн, бири чайан – / Заар беттешип жатыптыр, / Токой күйүп тумандап, / Борошолоп жамгыр жаап, / Каар беттешип жатыптыр, / Алдында минген аттарын, / Кара баткак жуур…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…п тийгиле, / Ак-карасын көңүлүн, / Саламаттан билейин” / Деп сапырылтып тозоңун, / Желегин жерге жапырып, / Катуу кирди каарданып, / Бар кайратын бойго алып, / Бөйөн менен чайандай, / Уусун чачып заарданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Киши көрбөй тоодо өскөн, / Оозуна келген кепти айтып, / Атын Бөйөн койуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аарынын баары чогулат, / Кара чымын комоктоп, / Кескелдирик, көк кене, / Бөйөн, көгөн, дагы бар, / Чагуучу жандын баары бар, / Чачыкей жайы ушундай, / Деп бүтүрдү бар кебин, / Кайтарып жүргөн Сетертай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →