бөйрөк
- Адамдын, жаныбарлардын заара бөлүп чыгаруучу органы.
- Жүрсөңчү, шыйрак, бөйрөк жейбиз,– деп Зарлык Даниярдын санынан нукуп койду (Бейшеналиев).
- Дененин ушул орган жайгашкан тушу.
- өт. Каптал, боор.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күүлүү найза нетиптир, / Бөйрөктү тепчип кетиптир, / Карчытынан тешилип, / Кош бөйрөгү эзилип, / Желип чыкты Дабытай, / Карышкырдай эсирип, / Жаш балапан жоголду, / Келе жаткан жетилип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…, Кошой жанында, / Төрткөлдөн чыкты бастырып: / Алдына киши чаптырып, / Арууке менен Көрпөйан, / Үстүнө кара жаптырып, / Айылга чукул келгенде, / Камчыны тайап бөйрөккө, / Арстан Манас көкжалың, / Боздоп турду бакырып: / — Алмамбет, Чубак – эгиз эр, / Акжолтой тууган берендер, / Алдымда турса бел эле, / Артымда сан кол эл эле,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутургур карап турбады, / Качырып найза урганды, / Камбыл баатыр кара дөө, / Найзасын кагып таштады, / Как бөйрөктүн тушуна, / Найзаны катуу муштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир күнү кечинде барсам мага бир жуп-жумуру калач берип жатып эки бөйрөгүн таянып тура калып, көзү менен карап калып мага бирдеме деди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Төөнүн бөйрөгү кана?
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →