бөз

китептерде 14 жолу, 6 китепте
  1. Жөнөкөй ак кездеме, мата.
  2. Пахтадан кол менен токулган кездеменин түрү. Бул кездемени кыргыздар ак мал – деп да аташат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лычты шилтеп ийгенде, / Такыр баш болгон Айчүрөк, / Четке чыга бергенде, / Калдык чапкан ар кескен, / Бекбача түшкөн көп тордун, / Түйүнүнө тийгенде, / Чириген бөздөй баарысын, / Таарып өтүп кетти эле, / Бекбачада тору жок, / Майтору менен калды бош. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Наманген, Ташкен, Самаркан, / Хандар өзү баш болуп, / Жол-жолду тосуп барышты, / Чычкан улак мал бербей, / Жарым табак дан бербей, / Бир ыштандык бөз бербей, / Баарын тартып алышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айрышканда бөз кана? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Абыке, Көбөш тушунда, / Өз малына ээ болду, / Эл менен иши болбоду, / Жардысы жарды, байы бар, / Өз эркине жөн койду, / Бөз, кенже алым албады, / Элге чыгым салбады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Айрышалык, бөз урсун! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →