бөжөң-бөжөң

китептерде 2 жолу
  1. Бөйпөңдөгөн көрүнүштү билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ап кетип баратат, / Жети менен сегиздин, / Ортосунда бала жаш: / Эки үзөңгү алдында, / Эки түгөй сур бөжөк, / Кулагын тиктеп жапырып, / Кетип барат жөжөңдөп, / Бөжөң-бөжөң желишип, / Бөлөкчө сонун келишип, / Көрүп турган кыргыздар, / Бир-бирине туйгузбай, / Баабедин айтып ийишип: / Кызыл чаар жуп жолборс, / Жолуккан бенде соо бол… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ошондой иштер болгондо, / Калба арбып табылар, / Кангайга кетем түз мындан, / Бу Бейжинге мен турбай - / Айтып болуп Ыраңкүдүк, / Бура тартып жөнөдү / Бөжөң-бөжөң жүгүрүп, / Узаргандан узарды, / Тайгандай болуп түйүлүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →