бөдөнө

китептерде 30 жолу, 3 китепте
  1. Көбүнчө эгин талааларында, чөп арасында жүрүүчү кичирээк илбээсин куш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Укмушташып угушуп, / Чогулушуп уйушуп, / Бөдөнөнүн тукуму, / Бөйөн деген баланы, / Туу көтөрүп хан койду, / Бөйөн хан деп ат конду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үйгө кирип Бөдөнө, / Баарын алды бергенин, / Атасына божурап, / Айтып барды көргөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бөдөнө менен Байтөлөн, / Эрди-катын Жамгырчы, / Калтырбаш, Шыгай – алты жан, / Ал алтоонун башкасы, / Манастыгын билбеди, / Жамгырчы баштап балдарды, / Бастырып жолго киргени, / Таштап койуп буларды, / Башка жакка келели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Бир кезде Жапаркул алдынан жаза тайым учкан бөдөнөгө тап бергендей колун сермеп калып: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Куугунчулар жете турган болгондо кыз сыйкырлап, жигит менен өзү бөдөнө болуп жерге түштү. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →