бөбөк

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Жаңы төрөлгөн же эмчектеги бала (улуу бир туугандарына же жалпы эле улууларга карата).
  2. Жалпы эле өспүрүм жашка чейинки балдарга же өзүнөн алда канча кичүү жаш балдарга, инилерге карата жалпылап айтуу үчүн колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мен Кененим болголу, / Жаза сүйлөп көрбөдүм, / Айтып баргын, Тайчабар, / Кайтып келсин бөбөгүң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жанашып калган адамзат, / Өлбөй тирүү калалбай, / Жанында Суртай жөлөгү, / Жагалмайдын бөбөгү, / Кылганын көрүп төртөөнүн, / Жүрөгү чыгып жүдөшүп, / Айбатынан сүрдөшүп, / Үч баатыр жүргөн жагынан, / Ат тизеден кан кечип, / Эр карыдан жин болуп, / Ай кар… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Урматыңа ашамат / Төргө өткүн, бөбөгүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эңкейип кетсе өбөгү, / Эр Чубак мунун жөлөгү, / Ээрчип жүргөн жанында, / Эрен Сыргак бөбөгү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баатырымдын барында, / Мамыкка жатып уктадым, / Бардык ишин туткамын, / Басылбаган чоң арман, / Семетейге бөбөк деп, / Баланын үнүн укпадым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →