бүчүлө

китептерде 6 жолу, 4 китепте
  1. Бүчүсүн байлаштыруу, байлоо, бүчүлүгүн өткөрүү.
  2. Топчулоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Үстүндөгү темир тон, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Опчулугун опчулап, / Кара бойун топчулап, / Бөрү тилме көк найза, / Бекемдеп кармап колуна, / Бурулбастан чу койду, / Жыйылган каңгай тобуна. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…өтпөс буулум олпоктор, / Туш-тушунан кырчылып, / Жака-жеңи бурчулуп, / Белиңде темир жынжырлар, / Туурасынан үзүлүп, / Бүтүн калбай кийимдер, / Кармаган жерден бүчүлөп, / Найзаларын баатырлар, / Кара ташка түйрөшүп, / Күңгүрөнүп түр чыгып, / Көргөнгө башка түр чыгып, / Ажыдаардай аркырап, / Айбаты башка сүр чыгып, / Күн кечки… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…арыш алга жылдырбай, / Кайтарайын ушул чак, - / Сыргакты салып жолуна, / Куу түлкүнүн кеп тонун, - / Коңурбайча чен тонун, / Алмамбет салды жонуна, / Бүчүлүгүн бүчүлөп, / Эки каптал-кабырга, / Үпчүлүгүн үпчүлөп, / Топчулугун топчулап, / Эп келтире койгону, / Нак Коңурбай болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баарысын алып кетер деп, / Топчулугун топчулап, / Тула бойун опчулап, / Капталынан бүчүлөп, / Алгарасын чү-чүлөп, / Бат атарын койундап, / Алгарасын мойундап, / Чоң кисеси шалпылдап, / Очогор жондо жалтылдап, / Өзүнүн бойун жыйнабай, / Өңүрү кетти салкылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоотору турса кишинеп, / Сак болду Кыйаз бир демде, / Кумтулап соотун бүчүлөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →