бүтүндө
- Жыртык-тешигин бүтөө, жамап-жазгоо, бүтүн кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Урушар болсоң кайрат кыл, / Соотуңду кийип бүтүндөп, / Кемериң курчап байлангын, / Жалгыз өзүң сен эмес, / Эрден миңи болсо да, / Жолуңа салчу мен бармын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Көргөндөр берсе бүтүндөп, / Кийерин кийип болгон деп, / Чачыке койгон бердирбей, / Бутун ачпай дүрдүйүп, / Түз боло албай бүкүйүп, / Муштумдай кемпир болуптур, / Чеңгелге толбой чүкүйүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →