бүтүм
- экон. Мүлктүк жана аны менен байланыштуу мүлктүк эмес жеке карым-катыштарды жөнгө салып туруучу жаран укуктарынын жана милдеттенмелеринин токтотулушун же өзгөрүшүн белгилөөгө багытталган жеке же юридикалык жактардын иш-аракеттери. Эки тараптын ортосундагы баалуулуктарды коммерциялык алмашуу.
- Кеңешип чечкен чечим, макулдашкан жыйынтык, чыгарылган өкүм.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калмактар бизге ар качан, / Кастык кылар экен деп, / Эрдемсип калды Кененим, / Келбей койбойт бул элге, / Кабар кылбай силерге, / Качып кетсем Каңкайга, / Таппай калса Кененим, / Бурулуп кайра тартканда, / Келип калса бүтүмгө, / Менде калат болучу, / Арылбаган жаман ат, / Ачык жооп бергиле, / Барыңар болуп саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Эртеси эки жактын эл билермандары баш кошуп, сүйлөшүп, бүтүм чыгарат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →