бүтүлү

китептерде 8 жолу, 6 китепте
  1. Бүтүн, бүткөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүтүлүү тоодой көгөрүп, / Жолун үйдөй чойун баш, / Чабына кысып өңөрүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каптатып ийип Черүүсүн, / Карап турду кайкайып, / Бүтүлүү тоо көрүнүп, / Бул Бадырек дампайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бүтүлүү тоо болсо да, / Көмө чаап чыгайын, / Алып келип өзүңө, / Көрсөтүп туруп көзүңө, / Жутуп аны тынайын!- / Үксөйдү башта чыккан чач, / Арта салып ийинге, / Үйдөй болгон чойун баш, / Ачуусу келип козголуп, / Чаба турган окшонуп, / Макил дөө турду ошондо, / Чакчырылып октолуп, / Хан Коңур турду калкайып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жүз миң адам болсо да, / Бири жалгыз жечүдөй, / Бүтүлү кара тоо болсо, / Бир оозуна салчудай, / Кылым толгон мындай жан, / Кыйкырышат карма деп, / Келген экен бурут деп, / Бурутту кармап курут, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бүтүлүү тоодой былк этпей, / Туруп калды Гүлчоро. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →