бүр1

китептерде 91 жолу, 9 китепте бүр 2 →
  1. Бак-дарактардын ж. б. өсүмдүктөрдүн бүчүр жарып, тегиз жаңыдан көгөрүп келе жаткан жалбырактары, бөрткөндөгү жаш бүчүрлөрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кеңкуланы чалдырып, / Бир кудайга жалынып, / Качан келет Талана, / Шашып турат Кененим, / Ач жолборстой чамынып, / Талананы көргөндө, / Таакаты калбай ачуудан, / Бузулган күндөй бүркөлүп, / Кайра жаачу булуттай, / Кабагын чытып түмпөйүп, / Талана келди аңгыча, / Көпкөк темир чүмкөнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Асманды булут каптаган, / Бүркөлүп турган чагы эле, / Эми эле чаап ийчүдөй, / Чүмкөлүп турган дагы эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Чырпык бүрдөп, бүр байлап, / Жер чымырап, көк чайлап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →