бүрүш
- Солуган сыяктанып толук болбой турган, чүрүшкөн (мисалы, дан).
- Колу-бутун бооруна жыйып жыйрылуу, курушуу, курушуп бырышуу, чүрүшүү.
- өт. Берекеси жок, катуу, тар, кең пейил эмес.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тамаша кыла жүрүшүп, / Тамылжышып күлүшүп, / Эриккенде чоролор / Эки-экиден бүрүшүп, / Биринин айыбын бири айтып, / Түбүнөн бери сүрүшүп, / Сүйгөндөрүн кеп салып, / Теңтуштарын табышып, / Өксүп кийин калганы, / Ат айабай жарышып, / Арадан кыйла күн кетип, / Намангендин үстүнөн, / Коконго келди түз жетип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…өлүп, / Амалсыздан Тапан хан, / Эс-акылы жоголуп, / Чукуп алган немедей, / Көзү кайнап олойуп, / Ат байлоочу казыктай, / Мурду чыгып коройуп, / Калдайган кулак бүрүшүп, / Мышыктан бетер молойуп, / Узун колу кыскарып, / Калгандай сынып чолойуп, / Тактасында кулуйуп: / “Кайдан келип ушул кыз, / Калды мага жолугуп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жорголой басып бүрүштөп, / Барган сайын жүрүштөп, / Жасанган экен жинди кул, / Бар сайманын күмүштөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Экөөбүз тең тизебизди бүрүштүрүп, бири-бирибизге ыктай беребиз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кийик бүрүшүп, корголоп калат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →