бүрсүгүнү
- Бүгүнкү күндү кошуп эсептегенден кийинки үчүнчү күн.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сени чыгат деп айтып, / Калмактардан билгичи, / Жакшы-жаман дебестен, / Ийинге бизди сийгизди, / Бүгүн-эртең өрүүн ал, / Бүрсүгүнү жолго сал.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бүрсүгүнү таң менен, / Бүтөт мөөнөт күн, — деди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…бар айтарга, / Уруксат берсең чабайын, / Чачыкейге алдында, / Кабар айтып барайын, / Каныкей, Бакай, Айчүрөк, / Аларга айтып кабарды, / Сырын тартып багайын, / Бүрсүгүнү кечинде, / Сизге келе калайын, / Отуз нөөкөр кырк шыгай, / Ортосунда абаке, / Оозуңан чыкса ушул кеп, / Ошондо мансап алайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айтып келдим Ойротко, / Кулагына жагымдуу, / Кабар болду ошого, / Бүрсүгүнү чогулуп, / Эл жыйылмак коргонго, / Талаадан келип Калдуубет, / Зор жыйылмак коргонго, / Манжу, моңгул элдери, / Кол жыйылмак коргонго, / Айтмакчы элге болучу, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— Сен эртең же бүрсүгүнү Тогуз-Булакка жөнөйсүң...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →