бүркөк1
- сүйл. Түндүк жабуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…, / Топчу кулак кара кер, / Чыга берди булт этип, / Сокмоктуу сойул тийгенде, / Жер айрылып солк этти, / Асманга учуп топурак, / Жөө тумандай тоз кетип, / Алды бүркөк, көк ачык, / Булут каптап калгансып, / Сойулун тартып алганча, / Оң карынын булчуңга, / Сайып өттү Бактыбай, / Тарамышын тарата, / Жарып өтүү Бактыбай, / Уу су…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Туман басып күн бүркөк, / Борошо болуп жаткандай, / Тиктесе көзгө көрүнбөйт, / Эси ооганда Мадыбек, / Элейип туруп калганда, / Кишинеп Тору ат жакындап, / Билип калды ал чакта, / Бардап ачып тиктеди, / Бар экен жаны саламат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…йыл атып, жаа тартып, / Очогор менен ок атып, / Жер куйкалап топ атып, / Алай- дүлөй тарсылдак, / Жан алуучу барсылдак, / Мунарыктап топурак, / Асман ачык, жер бүркөк, / Жерге кирди сүлкүлдөк, / Жебенин огу зыркырап, / Барабан үнү зыңкылдап, / Баш аламан чуркурак, / — Эми кайда барасың, / Кыргыздан келген, кызталак?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Асман ачык, күн бүркөк, / Туман түшүп алыптыр, / Жаркырап жарык күн тийбей, / Тунарыктап калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Уйчу күн бүркөк болсо да кеч жакындаганын сезгендей узун камчысын булгалап, ышкырып, айдай баштады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →