бүркүт

китептерде 144 жолу, 8 китепте
  1. Аркар, кулжа, түлкү сыяктуу ири аңдарды алууга жарай турган күчтүү, чоң алгыр куш.
  2. өт. Кыраан, кыраакы, эр жүрөк, баатыр.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сайганы, / Мөшкөй болот чарайна, / Өтпөй най… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Айуу, жору, кажырдын, / Бүркүт, үкү барынын, / Камдап жүрчү Каныкей, / Керек болчу баарысын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…лгенге, / Келтебоз десе эп келет, / Туур сынын билгенге, / Ыбыкыз десе эп келет, / (Табын тапсаң күндө кыз, / Табын таап салбасаң, / Мээлейиң алып көтүң кыс) / Бүркүтүмдө такыр бар, / Мунун бирөө кем эмес, / Суратыптыр мына деп, / Көтөртүп берсем мен сага, / Жалгызегиң не берет? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Беттешип келген эки дөө, / Кебетесин көргөндө, / Бири бүркүт, бири шер, / Сапырылып кетерби, / Мына бу турган кара жер? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ал таноосун дердендетип оозун ачып, ары-бери ооналактап жатканда, кайдан келгени белгисиз кара бүркүт шукшурулуп кирди да, балыкты зооканын үстүнө көтөрүп барып жей баштады. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →