бүрдө

китептерде 14 жолу, 4 китепте
  1. Бүчүрүн ачып бүр байлоо, жалбырагын чыгарып көгөрүү.
  2. өт. Өсүп-өнүп гүлдөө, өркүндөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүрдөп турган жаш чырпык, / Бүдөөгө келбей сынаармын, / Итчилик кылса бул кылсын, / Азыраак сабыр кылайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Опаасын көрбөй тапкандын, / Убайын тартып жалгандын, / Кызыл гүлдөй бүрдөгөн, / Жаш өрнөктүү күнүмдө, / Жалгандан өттүм кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
…лган чынары, / Арстан Манас атаңдын, / Бейжинге барар тушунда, / Сен жетимди калкалап, / Энең качып кеткенде, / Келип конгон ушуга, / Көрбөдүм уктум имиштен, / Бүрдөп чынар чыкты деп, / Бир бутагы бүрдөбөй, / Куурап турат мунун деп, / Аттуу адам буга барбайт, / Аттан түшүп жүрү деп, / Түштү булар артынан, / Түйшүктү алла бул… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бүрдөгөн терек эл элек, / Шагыбыз бүгүн кубарды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аны көрүп Сомбилек, / Эки көзгө жаш алып, / Мусапырлык жолунда, / Ыйлоого кирди муңканып: / — Жараттың, кудай, жан кылдың, / Ата-энемден тең айрып, / Жал-жал карап жалтанган, / Жетимдикте зар кылдың, / Бүрдөп турган чагыңды, / Кең дүйнөнү тар кылдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →