бүргө

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Секирип жүрүүчү кичинекей кан соргуч мите.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ө жакындап, / Дайарланып турарсың, / Тилимди алсаң, арстаным, / Айманбоз мине калсаңыз, / Туу түбүнө жакындап, / Дайарланып турсаңыз, / Чукулга өтө курч эле, / Бүргөдөй ыргып турчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сымга тарткан күбөктөй, / Жараганы кабыктай, / Жалдын үстү жабыктай, / Секиргени бүргөдөй, / Семиргени сүмбөдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Семиргени сүмбөдөй, / Секиргени бүргөдөй. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
"Эми бүргөнүн азабынан кутулайын" деп, бир кийизди тиштеп алып сууга барды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →