бүлүк

китептерде 71 жолу, 9 китепте
  1. Бүлгүн, дүрбөлөң, чыр-чатак, чаң-тополоң.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эндегей жаткан кыргызга, / Кыйла бүлүк салыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ «Таласка барып эл талап, / Бүлүк салат экен, — деп, / Бейкут жаткан кыргыздар, / Түйшүк тартат экен, — деп, / Канткенде кылам кабарды, / Чигитей укса экен” – деп, / Көп эле акыл ойлонду, / Көө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Коросон, испан кыргызга, / Ирегелеш киши элек, / Коңшуга бүлүк салыпсың, / Сени ээрчиген Темирбек, / Тентип өлөт бир сайда, / Коросон менен испандын, / Сөөгү калат ар кайда, / Калдаңдаган калмагым, / Сен өлөсүң майданда, / Илегерлик кылам деп, / Коңурбай каны кошулду, / Күрпүлдөк деген дайрага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Мында келсе Кутургур, / Жерге салат бүлүктү, / Элге салат түйшүктү, / Аттаналы, Гүлүстөн, / Бүтүрөлү бул ишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жолборс Кыйаз аман бол, / Жоого бүлүк салгын — деп, / Абайлап туруп анык ук, / Ажырап сенден кетпеске, / Сага берген антым — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →