бүлк
- Жумшак былк эткен кыймылды (мисалы, эриндин тартылганы), көрүнүштү билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бастырып жөнөй бериптир, / Чигитейдин ойуна, / Далай неме келиптир, / Калгандарга кеп кылбай, / Кыймыл этип кыңк этпей, / Ачылып ээрди бүлк этпей, / Бастырган бойдон Чигитей, / Атасы – баккан Мадыбек, / Укканын айтып аа, берет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн кеп уруп, / Хан Семетей үстүндө, / Абаң Бакай баш болуп, / Алымсарык жаш болуп, / Кыз Куйалы, Саламат - / Баары олтурду чогулуп, / Семетей оозу бүлк этти, / Ак буладай чойулуп: / — Баарыбыз бирге турабыз, / Гүлүстөн ырас айтыптыр, / Элчи барыш ылайык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мен айтканым Бактыбай, / Кулагыңа жагабы, / Козубектен кеп угуп, / Эр Кененим, Бактыбай – / Экөө катар тең угуп, / Кененим оозу бүлк этпей, / Бактыбай айтат жөн кетпей: / — Ар кайда киши чаптырып, / Кабар табыш жакшы кеп, / Чогулуп хандар келет деп, / Бул айтканың кайсы кеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →