бүлдүргө

китептерде 30 жолу, 8 китепте
  1. Камчынын боосу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…жерин калтырбай, / Аксакалын келтирип, / Алып келген малдарды, / Мурунку кеткен малынын, / Азы-көбүн эске алып, / Таратып элге бердирип, / Аш-тамагын жегени, / Бүлдүргөчө бир нерсе, / Олжо буйла дебеди, / Жүрүп кетти Бекбача, / Эл аралап желдирип, / Котен жеркен-буларды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Камчыдан чечип бүлдүргө, / Ырымга олжо албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Тартынбай салып жаңжалды, / Такыр өлүп сулады, / Бүлдүргөчө немесин, / Кыргыз олжо албады, / Кара аскерде жазык жок, / Ханы айдап келди, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Элөөсүздөн бир күнү, / Эл бүлдүргөн желмогуз, / Канчык деп айтып салыпмын, / Угуп алып Тапан хан, / Жалмагалы аз калды, / Акыл айтып Тазкара, / Куткарып мени алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Колбутуп колун келтирди, / Бүлдүргө олжо албастан, / Өз жайына кетирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →