бүлбүлдө

китептерде 11 жолу, 6 китепте
  1. Ачык, жаркыраган көрүнүштө болбоо, күңүрттөнүү, болор-болбос жарык шооласы көрүнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Түнүндөсү жаткырып, / Күн тийгенде бастырып, / Тополоң уйуп, жер чаңдап, / Тозоңу көккө жазылып, / Ободогу жарык күн, / Күлгүн тартып күдүңдөп, / Түнүндө жылдыз көрүнбөй, / Кээ-кээ жерден бүлбүлдөп, / Ашыгып келет Шоорук хан, / Ылдамыраак жүргүн, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Жөө туман түшүп күдүңдөп, / Көрүнбөй алды бүлбүлдөп, / Эси коркок немеси, / Эми кандай болор, деп, / Жаны калбай сүлдүрөп, / Жан үзчүдөй үлдүрөп, / Нечени мындай жүргөндө, / Эр Алмамбет баатыры, / Алдында минген… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түндөсү жылдыз күдүңдөп, / Жаркыны жок бүлбүлдөп: / “Семетей, Гүлүс мында жок, / Жымыңдайын кимге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Өзүнчө намаз окунду, / Буткананын ичинде, / Отуз миң киши олтурду, / Бүлбүлдөтүп жанган шам, / Жүз миңге санын толтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Кулак кескендей жымжырттыктын ичинде кечки күнгө чагылышып, көзгө бүлбүлдөгөн закымды карап туруп, ар кыл ойго кетем. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →