бүкүр

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Аркасы, бели дөмпөйүп чыгып калган, түз эмес, ийилген, бүкчүйгөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

– деп, / Алдын тосуп сурады, / Куучудай болуп кубулуп, / Кулжуңдаган Көкбөрү, / Сакалы жок ээгинде, / Мулжуңдаган Көкбөрү, / Мойну бүкүр дүм далы, / Култуңдаган Көкбөрү, / Өзүнүн кебин эп көргөн, / Чултуңдаган Көкбөрү: / — Карбалас бара жатканда, / Капташып кара талаада, / Жолумду тосуп кеп сура… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Буту сынган төкөр көп, / Колу сынган чолок көп, / Кулагы жок мулук көп, / Тил сүйлөбөс дудук көп, / Көзү аккан сокур көп, / Бели сынган бүкүр көп, / Жал-жал тиктеп жаткан көп, / Жаны чыкпай аткан көп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Таамай чапкан немесин, / Чечекейин агызып, / Олоңдогон дагы бар, / Колу сынып кокуйлап, / Чолоңдогон дагы бар; / Буту сыны кобо албай, / Жыгылганы дагы бар, / Бүкүрүлүп белинен, / Боло албаган дагы бар; / Кор дей түшүп жан чыгып, / Жоголгону дагы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бойу бокор тууралжын, / Үнү мунун ачуу заар, / Бели бүкүр, мойну ийри, / Кең көкүрөк, сом далы, / Керүүдөгү жалпактай, / Маңдайынын бырышы, / Эл жайлаган жылгадай, / Колдорунун салаасы, / Айууга окшойт чамасы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →