бүктө

китептерде 57 жолу, 10 китепте
  1. Кайрып коюу, имерип бүгүү, кабаттап кайыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Адам билгис сыры бар, / Мурункунун кебинде, / Жалганы бар чыны бар, / Алдында минген кер атты / Кубултуп турмай жабуу бар, / Көрпөчөнүн үстүндө, / Алты бүктөп алдында, / Салып жүргөн жайы бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ойноп айтсаң ойлой айт, / Тилимди алсаң экөөңөр, / Ушул жерден кайра тарт, / Кененимге кездешсең, / Койдой кезет башыңды, / Коондой жарат ичиңди, / Ачып көздү жумганча, / Бүтүрүп койот ишиңди, / Сындырат бүктөп белиңди, / Шыпырат аттан ээриңди, / Жетим кылат балаңды, / Жесир кылат алганды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ган жолуна – / Оролмонун Сеңирге, / Көчүп барып жол тосуп, / Бээни сойуп күтүнүп / Өз үйүмө түшүрүп, / Бата алсам экен” – деп, / Үстүндөгү ордонун, / Тутуларын бүктөтүп, / Нарларына жүктөтүп, / Накылай көчүп кетиптир, / Каныкей эми нетиптир? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эки канат бүктөлүп, / Түйүнчөк болуп түйүлүп, / Канатынан куу чыгып, / Шуулдаган үн чыгып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Аккелте ичи дат болду, / Сырнайзаң сынып бүктөлдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →