бүкмө
- Бир нерсенин кабаттап бүгүлгөн жери.
- өт. Табышмактуу ой, ачык эмес, түйүндүү сыр, чаргытылган пикир.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
бар, / Абыдан дайынын айтайын, / Сакалы узун бириндеп, / Узун бойлуу чал сакал, / Кара сур эмес ак жүздүү, / Жасанып кийим кийбеген, / Жалтылдашты билбеген, / Бүкмөсү жок бүдөмүк, / Билгенин таамай сүйлөгөн, / Үйүнө кирсең зайыбы бар, / Билбеген аны жинди дейт, / Анткен менен энемдин, / Билгенин такыр эл билбейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Уруштуу күнү аттарга, / Куйрук менен май берип, / Сары арпаны түктөтүп, / Балтыр атка жүктөтүп, / Ала жүрчү адаты, / Жой болотун, тинтесин, / Бүкмөсүнөн бүктөтүп, / Арттырып төөгө жүктөтүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →