бүжүңдө

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Өтө этият, элпек кыймыл, бүжүрөө.
  2. Баш ийүү, жагынуучулук менен бөйпөңдөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убара болуп бүжүңдөп, / Ушак ташып бүжүрөп, / Балтыр биттей күбүрөп, / Сакалың ак, чачың ак, / Саксаңдаган ит Бетер, / Антип жүрүш кайсы кеп? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кыргыздардын ичинде, / Эстүүсү элге күйүнүп, / Эси жогу сүйүнүп, / Өлбөчүдөй жутунуп, / Дүйнө жыйып жүгүрүп; / Биз да бир күн ушу деп, / Көбү жандан түңүлүп, / «Көтөргөн балта тийгинче, / Жарган дөңгөч эс алат» / Биз дөңгөчбүз бүгүн, деп, / Эки-экиден күдүңдөп, / Коркконунан басалбай, / Чанданы жүрөт бүжүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Томурайып жыгылды, / Топого башы тыгылды, / Бир сайгандан чыгарбай, / Тоодой Тете баатырдын, / Жанын алды Сейити, / Бир чапкандан чыгарбай, / Пилди алды Сейити, / Каарына чыдап Куткарбас, / Карап буга туралбай, / Чычкансурду чүчүлөп, / Бүркүттөн качкан койондой, / Аркасын карап кылчаңдап, / Качып барат бүжүңдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жаны калбай бүжүңдөп, / Кеп кыла албай күдүңдөп, / Алсырады Жээнбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →