бүгүш1

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Бир нерсенин кабатталган, бүктөлгөн жери, бүгүлгөн тигиши.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Чыңгыш угуп бул кепти, / Кулакка жакпас шум кепти, / Бүгүшүнү көөнүнүн, / Бекем түйдү кун кепти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Макул болуп жүгүндү, / Меймандарды күтүштү, / Ханга башын бүгүштү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айкөл Манас артык шер, / Көрпөчөнүн бүгүштөн, / Камдагай алып бергенде, / Хан Кошой аны кийгенде, / Атаң адам чоңу эле, / Ал Манастын кандагай, / Кыска келип калганда, / Нары чойуп тарткылап, / Бери чойуп аткылап, / Алып келип кийгизсе, / Чак келип гана калды эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Береним энем Каныкей, / Белдемчинин бүгүшкө, / Бекем катып капшырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →