бүгүнкү

китептерде 49 жолу, 9 китепте
  1. Үстүбүздөгү күнгө таандык, ошол учурдагы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мелтиреп карап турганда, / Кээ-кээсинде бенденин, / Тилеги жетпейт кудайга, / Капташып Отор кагышты, / Хан Чигитей салышты, / Беттешип Отор кагышты, / Бек Чигитей салышты, / Абалтан бери көп жумуш, / Канча күндөр урушкан, / Болуп өткөн көп жулуш, / Дегеле бирөө окшобойт, / Бүгүнкү кагыш бул уруш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Көргөнүң жарык бүгүнкү, / Таласка бара албайсың! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Ханы менен карадан, / Улуу-кичүү баарыдан, / Өмүрүндө Күдүктү, / Бирөө жалган дебеген, / Чабалайча бүгүнкү, / Түк укпаган жемеден. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…амдан артык абам бар, / Ак сүтүн берген энем бар, / Эмчектеш болгон агам бар, / Өзүмдөй болгон иним бар, / Айчүрөк сындуу жеңем бар, / Тил жазыктуу болбосун, / Бүгүнкү күнү кыргыздын, / Кай жеринде кеми бар? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Бүгүнкү билсең билги иш, / Баары менин колумда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →