бышыкта

китептерде 13 жолу, 5 китепте
  1. Бек кылуу, бекемдөө, мыктылоо, чың, бышык болуу.
  2. Тактоо, аныктап билүү.
  3. Кайталоо, кайталап даярдануу. өткөн сабактарыбызды дагы бир ирет бышыктап өтөлүчү, – деди окутуучу («Ала-Тоо»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эл башкарган эстүүдөн, / Элүү бирди кармайсың, / Кабыштыра колдорун, / Бышыктатып байлайсың, / Ор каздырып майданга, / Көңүлүңдү жайлайсың, / Торду жайып ар кайда, / Кылбаганың калбапсың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Койкоңдотуп калемин, / Колу илинбей эр Сыргак, / Катты жазып бышыктап, / Караңгыда барат, деп, / Карбаластап карайт, деп, / Түн ичинде барат, деп, / Дүпдүрөңдөп карайт, деп, / Бүлбүлдөнүп көрүнбөй, / Бүдөмүк чалып калат, деп, / А… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үч күндүк мөөнөт сурапсың, / Бердим сага убактың, / Желмогуз экөөң кеңешип, / Бышыктап эшкин тузагың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Гүлчоро мындай дегенде: / — Бышыктап, абаң, сурайсың, / Билмемиш болуп турасың, / Кепке салып уулуңду, / Кайда кеткен уйатың? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул алдыга түшкөндөн эмне тартынат деп ойлоп, мен кол тырмоочумду мыктап, жиптин учун бышыктап кармап алдым да чөпмөбүм менен бийиктен өзүмдү коё бердим. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →