бышкыр

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Кошкурук аткандай же чүчкүрүп жиберген сыяктуу таноо аркылуу дирилдете кыска катуу жел чыгаруу.
  2. Күлкүсүн токтото албай, демин мурдунан катуу чыгарып бырс этип күлүп жиберүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бирок муну караса, / Коңуругу таш жарат, / Тоодогу кайып оттобой, / Тыңшай калып бышкырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келе жатып Бешкулак, / Карс дегиче бышкырды, / Жолум үйдөй көк маңка, / Жол бойуна былтыйды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Атанын кунун алсак деп, / Алп Манастын уулунан, / Очогорун октошуп, / Колумсага ок салып, / Соруучудай кумсарып, / Ажыдаардай ышкырып, / Ысык чөлгө чыдабай, / Ылаалап керки бышкырып, / Кызыл туман чыккан чаң, / Сексен байрак туу алган, / Бул экөө жеткир тукуму, / Беттешкенин кыйраткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →