бычак
- Кесүү үчүн колдонулуучу миздүү, сабы бар курал.
- Толук бышып жетиле элек чөп, эгин.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…олбой жетип барганы, / Муну айта салганы: / — Эки күндөн бер жакка, / Жыйын болуп хан такта, / Бий, акимдер чогулуп, / Арбын кеңеш кылышты, / Өткүр балта, курч бычак, / Кучак-кучак жыйышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жеңилбеген себеби, / Кемибей тамак ал элден, / Үйүндө багып доңуз жейт, / Талаадан терип коңуз жейт, / Кескелдирик, жылан жейт, / Бычагы жок тиштеп жейт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн абамдын, / Бузукка колун кестирдиң, / Далысынын терисин, / Бычак менен тештирдиң, / Аркасында абамды, / Мурадына жеткирдиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
«Орус, кыргыз» деп, бирине-бирин кырды бычак жоо кылып коюп, тамаша-сына карап отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Баягы аял чөп жулганы эңкейе бергеңде кемпир койнунан бычагын сууруп чыгып, бир саят.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →