быч
- Бир нерсе тигүүгө ыйгарылган материалды керектүү формага салып, өлчөмүнө ылайыктап кесүү.
- Биттөө, энин алып салуу.
- Белгилүү бир көрүнүштүн төлөм акысын, наркын белгилөө, кесим кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтымыштан үй-үйгө, / Ирети менен киргизип, / Жайа бычып, жал керткен, / Казы-карта жылкы эттен, / Мисте, мейиз, жемиштен, / Сары кант, шекер, бал менен, / Тамагын жакшы беришкен, / Мурунку чыкса талаага, / Кийинкиси киришкен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ — Талана, барсаң барып кел, / Бачымыраак кайтып кел, / Керээз ашың ичип кел, / Өлүм тонуң бычып кел, / Кеңешиңди салып кел, / Катын -балаң бар болсо, / Ыраазылык алып кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куугундан аттар кутулуп, / Арт жагына бурулуп, / Боз жорго баштап бардык ат, / Таласты карай чубуруп, / Чубактын аты Көктеке, / Бычылбаган мал эле, / Айгырлык жагы бар эле, / Кош кулагын жапырып, / Оттоп туруп алганын, / Соорудан тиштеп качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Калың бычышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Кыз, бүгүн биздин үйгө барып, мага бир кемсел бычып берчи - дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →