бытыра1
- Патронго салынып дүрмөттөлүп, атканда чачылып барып тийүүчү майда шарчалар түрүндөгү ок.
- диал. Майда боорсок.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бейшемби өлгөн соң, биз бир аздан кийин ак баарыбыз бытырап тарай баштадык.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Шааысмайыл күйшөнүп койсо, аркан бытырап, үзүлүп кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →