бырылда

китептерде 5 жолу, 3 китепте
  1. Мурдун быр-быр эттирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылт этип тоодон күн батып, / Жан жаныбар баарысы, / Жатагын карай чубашып, / Жайына аскер кетиптир, / Эл айрылып атканда, / Жетимиш миң кол айдап, / Суумерген капыр жетиптир, / Айтумуш, Чынгыш бырылдап, / Арыз айтыша кетиптир. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Түндөсү жатып эл турса, / Асман ачык жер бүркөк, / Көк асманды көрсөтпөй, / Калыптыр туман боз чүмкөп, / Шамал чыгып ырылдап, / Сыдырым согуп зырылдап, / Болуптур өтө бир шумдук, / Абышка, кемпир, балдардын, / Маңкасы агып бырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Керди көрүп таңданып, / Жерди көрүп шаңданып, / Эңиш тартып зырылдап, / Карткүрөң мурду бырылдап, / Күүгүм кире бүрүлдө, / Ажыкең атта алкындап, / Чоң кокондун дарбаза, / Кирип барды жакындап, / Карт күрөңдүн төрт буту, / Дооштонуп такылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кээ жеринде Алмамбет, / Белинен батып балпаңдап, / Ток этерге нерсе жок, / Токтой калып талтаңдап, / Кекиртектен суу кечип, / Мурдуна кирип бырылдап, / Жатагынын дайны жок, / Жаа тартууга алы жок, / Алмаң кирсе куу өрдөк, / Качпай турган жайы жок, / Балыктай секин былкылдап, / Суу ичинде жылтылдап, / Эр Чуб… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өрөөн менен жел согуп, / Сыдырым шамал салкында, / Чөп деңиздей калкылдап, / Дүкдүйө түшүп түрүлүп, / Көк жашыл болуп жалтылдап, / Үн салып булак шырылдап, / Чегирткелер чырылдап, / Жалбырактар дырылдап, / Көлдө сүзүп субайлар, / Мурундары бырылдап, / Мышыктар жатат бүкүйүп, / Кекиртеги кырылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →