былчылдаш

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Аябай салгылашуу, тепкилешүү, сабашуу, урушуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бетирке келип караса, / Хан Каракөз, Жабыке, / Зор Бактыбай, хан Калдык, / Бодоң менен Турумбек, / Былчылдашып жатыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ур деп аталган, / Катылышкан кишиден, / Канын төгүп баш алган, / Калба салды катышып, / Капталдан чыгып атышып, / Карчалышты кагышып, / Кара ханга күч келип, / Былчылдашып жабышып, / Сейитекти бел кылдык, / Куйалы келип жардамга, / Кара жерге тең кылдык, / Чуркуратып маңгытты, / Агызып жашын сел кылдык, / Буудандарды арытып, / Жу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Аты жөнүн сурашпай, / Карсылдашып киришти, / Кышкы киргин буурадай, / Кыйчылдашып киришти, / Кан чачылып жаракка, / Былчылдашып киришти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ачуусу келип чыдабай, / Сабыр кылып тура албай, / Найзаны алар ташташып, / Балтаны колго алды эми, / Былчылдашып башка уруп, / Балталашып жатканы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →