былчылда
- Былч-былч этүү, суу болуу, шөмтүрөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…тетип, / Ээрдин кесе тиштешип, / Алаканга түкүрүп, / Кар жанга күч келип, / Кара бойдон аккан тер, / Саздак жердей чылпылдап, / Ылайланып топурак, / Ат алдында былчылдап, / Титирек кирди Көкбөрү, / Бүткөн бойу кылчылдап, / Өзөгүнөн от жанып, / Ооруп сөөгү зырпылдап, / Кара баскан немедей, / Азуулары кыйчылдап, / Тура албай калд…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…нгө улантып, / Түн кетип, күндү чыгартып, / Кеңкула чуркап чаалыкпай, / Кылычты шилтеп Кененим, / Кырып жүрөт талыкпай, / Жердин бети чыпылдап, / Жуурулуп топо былчылдап, / Албарс менен кайсалап, / Абыдан кырып талкалап, / Чамбыл ала чаң кылып, / Кызыл ала кан кылып, / Арасын ачып коо кылып, / Чыдай албай коросон, / Чогуу турба…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ын, / Сейитимден алалбай, / Эрдик менен көгөрүп, / Сабын койо бере албай, / Талаа-талаа найзасы, / Тараша кетип кыйчылдап, / Эр Тапактын тенинен, / Тер куйулуп былчылдап, / Сейитимди сайалбай, / Тапактын иши аксады, / Теңдигин колго алалбай, / Тулку бойу зыркырап, / Кар жилиги какшады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Токойдун баары кылкылдап, / Суу толуп сайга былчылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…лама таштар жалтылдап, / Көк мелжиген бийик тоо, / Козголчудай калтылдап, / Бойу эрип Сомбилек, / Эт жүрөгү балкылдап, / Сорпо ичкендей тер агып, / Бүткөн бойу былчылдап, / Сазда турган немедей, / Тамандары чылпылдап, / Аңгычакты болбоду, / Көрүндү көзгө карааны, / Орто тоодой болжолу, / Азуулары качырап, / Көөрүктөн чыккан шир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →