былтыр
- Өткөн жылы, бир жыл мурун өткөн убакыт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алар антип жатканда, / Сөз баштады Кутубай: / — Күмүшбулак, Түзкерүү, / Жылкы малга жай эле, / Былтыр быйыл күн жаабай, / Чөп чыкпады деги эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Былтыр эгин болбой калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Таятам жетимишке чыгып, былтыр өлгөн.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Былтыр ошондо мал багып үч айдай жүрүп келгем.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Былтыр кичине түзүк эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →