былтый

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Илээшип коюлуп туруу, боткодой коюлуу.
  2. Былкыйып өтө семиз көрүнүү, былчыйып эткелинен келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Өлүмдөн калды кутулуп, / Өктөгө калды тутулуп, / Жергесинен айрылып, / Кургак наамы хан болуп, / Каракөз турат култуйуп, / Ачыбаган камырдай, / Бопбоз бети былтыйып, / Түрө карап алдыртан, / Хан Калдыкка билгизбей, / Келген кеткен кербенден, / Жети суу барып келгенден, / Кеп сураса Каракөз, / Ханы Татан болуптур, / Катын и… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жыгылып өйдө болгунча, / Балта менен чыкыйга / Былч эттире бир койду, / Былтыйган мээси чачырап, / Бул ааламдан жоголду, / Жалгыз жатпай Бозкертик, / Канжаркуу жолдош болгону. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Келе жатып Бешкулак, / Карс дегиче бышкырды, / Жолум үйдөй көк маңка, / Жол бойуна былтыйды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →