былжыра
- Илээшип туруу, былжырак тартып эзилип ылжыроо, жумшарып эзилип туруу.
- өт. Маанисиз, орунсуз сүйлөө, тантыроо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ал бир кезде жакамды коё берип, ары кетип калып, издеп жүрүп, былжыраган бир түрү суук кара куртту чубалжытып, чөпкө кыпчып келди да:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Эби жок кармап алсам керек, жаңкы жерге барып, эми төгөйүн деп жатсам, мөөндүн бир учу жылмышып кетип, жыңайлак балтырыма былжыраган бирдеме жая берди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →