быкшы

китептерде 5 жолу
  1. Күйбөй түтөө.
  2. Сасык, жаман жыт чыгаруу, жылымчы коңурсуган жыт чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Тезек түтүнү быкшып жаткан таанымал, кара үйгө эл орунга отура кирип барсам керек. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бурмаке бир кезде өзүн каптап быкшып турган кезек түтүнүнөн башын мындай буруп, Урманбетке карады да: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Көк түтүн колкобузду атып, коюн-кончту ороп, түндүктөн чыкпай быкшып, кайра каптайт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Отто баятан бери быкшып жаткан шакелдин бир убакта дүр этип жанып кеткен жарыгы менен тактанын алдынан таруудай көзүн жылтыратып, жөргөлөп бараткан бир чычкан көрүнө түштү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →