бык

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Жашырынып жатуу, чөгүп жатуу, бөгүп, билинбей жаткан абалда болуу.
  2. Жайланышып орун алуу, батышуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Коросон жолун чалдырган, / Алике менен Сатике, / Акылдуу киши деп жүрсөк, / Ушу экөө тең айбан, / Как Кыйаздын өзүндөй, / Мүчөсү толук, кең далы, / Кууш айак, быкта бел, / Көөдөнү жайык, сом билек, / Булчуңу бала белиндей, / Азыр эти толо элек, / Балбан болчу бала экен, / Телегейи тең экен, / Эч өөнү жок неме экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кулжа көөдөн, тайган төш, / Быкта бакай түрс айак, / Өргө салса өөрчүгөн, / Эңишке салса эринген, / Капталга салса камыкпас, / Канчалык чапса талыкпас, / Азыраак айыбы бул экен – / Бир эличе сээри пас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →