быйыл
- Үстүбүздөгү жыл, ушул жыл.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…нкор Манас тукуму, / Бекбачасы жаман, деп, / Хандын баары өлүптүр, / Алптын баары өлүптүр, / Калар бекен аман, деп, / Кыргыздын эли кыйын, деп, / Жылга жолборс быйыл, деп, / Жолборс сындуу азамат, / Тирүү калыш кыйын, деп, / Жолборс жылга келгенде, / Уруш болсо эр өлөт, / Эр өлбөсө жут болуп, / Борошолоп мал өлөт, / Тактада…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ “Бай Жакып быйыл келет”, деп, / Караногой жүрүүчү, / Жол керегин белендеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Болбогондо хан уруш ачты, быйыл жети жыл толот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →