быжыра
- Быкылдап жайноо, көп болуу.
- Быжыр-быжыр жайнап, майда чыбырчыктап чыгуу, жыбырлоо.
- Майдалап сайроо же сүйлөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…лдин алды жөп жата, / Көкбөрүнүн көп кошуун, / Кылган кеңеш кеп менен, / Бүтүшүп койгон иш менен, / Селдей толкуп түрүлүп, / Каракурттай кыжырап, / Кумурскадай быжырап, / Сепсергелеп асмандан, / Жааган күндөй жыбырап, / Таласты кайда дегенсип, / Эми эле барып Таласты, / Талап алыш дем менен, / Үйөр аккан сел менен, / Үй токто…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ат ойнотуп Кесилет, / Арасында он миң бар, / Кумурскадай быжырап, / Кара курттай кыжырап, / Каптап кетти коросон, / Эчтекени элебей, / Эрениң бара жатканда, / Оролуп түштү отуз тор, / Капташып калды мынча тор.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Куму сакадай быжырап, / Дагы келип торгоду, / Ыргытып жатат алыстан, / Эчен темир торлорду, / Акылы жок, айла аз, / Байкаса Сыргак болжолду, / Сырын билип сыздырып, / Сырттан Сыргак жойлоду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты болбоду, / Чуулдап сайрап быжырап, / Талаанын молдо торгойу, / Жандын баары, кыбырап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…дө төөлөр дардайып, / Адырда кулжа калдайып, / Бугулар чыгып токойдон, / Мүйүздөрү тарбайып; / Бой жасап тоолор зымырап, / Адырда малдар жыбырап, / Жан-жаныбар быжырап, / Тирүүнүн баары кыбырап; / Мен каламбы дегенсип, / Жалбырактар дырылдап, / Тескейдеги карагай, / Бойун созуп карашып, / Тал менен кайың бой жасап, / Карагайг…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →