быдыра
- Майдалаган дыбыроо, «дыбыр-дыбыр» этүү, майдалап тез-тез үн чыгаруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…чып көздү жумганча, / Канчалап найза урулуп, / Найзанын учу түйрүлүп, / Балтанын сырты жарылып, / Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн бат…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колтуктарын чойушуп, / Койгулашып киргенде, / Чокмордун баары быдырап, / Чабарга чокмор жок болуп, / Бирөө сынса, бирөө жок, / Мурункудан беш бетер, / Дагы эле кирет октолуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кайта айланып тийерде, / Камбыл туулган кара көк, / (Кара көктө, чара көп) / Найзасын кагып жиберип, / Балтаны кармап сабынан, / Чабучудай имерип, / Колундагы найзасын, / Кененим кайра какканы, / Сынып кеткен быдырап, / Балтаны алса Кененим, / Чыдап ага ким турат?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ыптын уулу Манаска, / Ата-журту алашка, / Ат изин салып көрөйүн, / Адылдыгы чын болсо, / Алдына төөдөй чөгөйүн: / Коңурбайдай олчойсо, / Коржоңдошуп көрөйүн, / Быдыратып күч жетсе, / Кабыргасын сөгөйүн, / Эби келсе тирүүлөй, / Көкчөгө айдап жөнөйүн, / Агамдын ээрчип артынан, / Өмүр бойу жүрөйүн, / Кыйын болсо өлөрмүн, / Казабын…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жойкумасын эр Сыргак, / Кармай алып сабынан, / Сууруп алып кабынан, / Бир булгалап ийгенде, / Чириген танап эмече, / Быдырап баары сөгүлдү, / Торлору бир жүз сексенче.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →